Жыргалбек Шакиев Бишкектин Ленин районунун акими болуп дайындалды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, дайындоо боюнча буйрукка борбор калаанын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду.
Жаңы аким Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин бир тууган иниси экени белгилүү болду. 1979-жылы туулган. Буга чейин ал Чүй облусунун Чүй районунун администрациясын жетектеп келген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн