Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 01:30
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү

03.08.2022 15:20
526
ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн атайын кызматтарынын өкүлдөрүнүн жыйыны болуп өттү

Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна мүчө мамлекеттердин улуттук коопсуздук органдарынын атайын күч өкүлдөрүнүн ыкчам жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу КР Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 2022-жылга ЖККУнун жамааттык коопсуздук системасынын күчтөрүн жана каражаттарын башкаруу органдарын жана түзүмдөрүн биргелешип даярдоо боюнча кызматташуунун алкагында 1-2-августта КР УКМК машыгып-окуу борборунда уюмга мүчө мамлекеттердин коопсуздук органдарынын атайын күчтөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусундагы ыкчам жыйыны болуп өттү.


"Мындай жамааттык машыгуулар ЖККУнун жоопкерчилиги чөйрөсүндөгү жаңы чакырыктарга жана коркунучтарга каршы туруу жаатында эл аралык жана аймактык деңгээлде биргелешкен иштердин зарылдыгын жалпы түшүнүү жөнүндө күбөлөндүрөт", - деп айтылат маалыматта.


Ага ЖККУга мүчө 5 өлкөнүн – Армения, Беларусь, Казакстан, Россия, Тажикстандын делегациялары катышты.


Ыкчам жыйынга ЖККУнун башкы катчысынын орун басары, генерал-полковник Валерий Анатольевич Семереков катышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн