Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:10
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады

31.12.2021 17:12
596
ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зась Садыр Жапаровду жаңы жылы менен куттуктады

ЖККУнун Башкы катчысы Станислав Зась Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жаңы жылы менен куттуктады. Бул тууралуу мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирет.


«Келе жаткан 2022-жыл менен чын жүрөктөн чыккан эң жакшы куттуктоомду кабыл алыңыз!


Өтүп жаткан жылы Кыргыз Республикасы мамлекеттик эгемендүүлүктүн 30 жылдыгын майрамдоо менен социалдык-экономикалык өнүгүүдө ири ийгиликтерге жетишти жана эл аралык аренадагы позициясын бир топ чыңдады.


Биз Кыргызстандын евразиялык мейкиндигинде тынчтыкты жана туруктуулукту чыңдоодогу ролун, ошондой эле ЖККУга мүчө-мамлекеттердин союздаштык мамилелеринин натыйжалуулугун арттырууга Сиздин жеке салымыңызды жогору баалайбыз.


Жамааттык коопсуздук келишимине кол коюлгандыгынын 30 жылдыгында жана уюмдун 20 жылдыгынын алкагында мамлекеттерибиздин ортосундагы конструктивдүү кызматташтыкты тереңдетүү багыты улана берерине ишенем», - деп айтылат куттукттоо телеграммасында.


Станислав Зась Садыр Жапаровго чың ден соолук жана жооптуу ишиңе ийгиликтерди, ал эми Кыргызстандын элине тынчтык жана гүлдөп өсүп өнүгүүнү каалады.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн