Бугу 23, 2025
Убакыт: 23:34
USD
87.30
87.80
EUR
98.60
99.60
RUB
1.095
1.125

ЖКда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюу сунушталды

23.05.2025 16:54
24
ЖКда президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюу сунушталды


Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева административдик-аймактык реформанын экинчи этабында президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кызматын жоюуну сунуштады. 


Бүгүн "Ата-Журт Кыргызстан" парламенттик фракциясы административдик-аймактык реформанын жыйынтыгын укту. 


Талиеванын айтымында, бул кызматтар ашыкча жана бюрократияны күчөтөт. 


"Облустарда өкүлчүлүктөр качан жоюлат? Бул да реформанын бир бөлүгү. Кайталоочу органдар өтө көп. Губернаторлордун кереги жок, райондук акимдер жетиштүү. Алар бири-биринин функцияларын кайталайт. Ошол жактан кыскартпайсыңарбы", — деди депутат. 


Жыйынга чакырылган чиновниктер Талиеванын суроосуна жооп берген жок. Кесиптешинин сөзүн депутат Надира Нарматова да колдоп, губернаторлор ишти жайлатарын айтты. 

"Губернатордун кереги деле жок. Бюджет эки баскычтуу болуп жатпайбы. Бардык жумушту айыл өкмөттөрүнүн башчылары, акимдер жана шаар мэрлери аткарат. Алар күчтүү болсо, өлкө тез өнүгөт", — деди эл өкүлү.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн