Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Жогорку Кеңештин комитетиндеги депутаттар министрге тиешелүү төрт маселени өзү жоктугуна байланыштуу карабай турганын билдирдиришти. Комитет төрайымы Гүлкан Молдобекованын айтымында, министр Ош шаарында жугуштуу оорулар ооруканасынын ачылыш аземине катышуу үчүн кеткенин белгиледи.
Депутат Жанар Акаев Алымкадыр Бейшеналиевдин кызматтан кетишин талап кылды.
Жыйын соңунда комитет министрдин катышуусуз маселе каралбай турганын билдирип, министр Алымкадыр Бейшеналиевге ишенбөөчүлүк көрсөттү.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн