Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 04:48
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирустан көз жумду

24.05.2020 13:44
1257
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Мукар Чолпонбаев коронавирустан көз жумду


Бүгүн, 24-майда Республикалык клиникалык жугуштуу оорулар ооруканасында 70 жашында Жогорку Кеңештин экс-төрагасы, коомдук ишмер Мукар Чолпонбаев коронавирус инфекциясынан кайтыш болду. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдан билдиришти.


Маалыматка ылайык, коронавирустун айынан анда эки тараптуу пневмония, дем алуу жетишсиздиги жана башка бир катар өнөкөт оорулар өрчүп кеткен. Ошондой эле буга чейин жүрөк, бөйрөк жана кан тамыр илдеттеринен жабыр тартып келген. Мукар Чолпонбаев ооруканага 5-майда жаткырылып, ден соолугу начарлагандыктан кайра жандандыруу бөлүмүнө которулган, бүгүн саат 12:10до көрүлгөн реанимациялык чараларга карабастан каза тапкан.


“Медиа центр” мультимедиалык-маалымат агенттигинин эмгек жамааты Мукар Чолпонбаевдин көз жумганына байланыштуу үй-бүлөсүнүн, жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшүп, терең кайгыруу менен көңүл айтат.


Кыргызстанда COVID-19 вирусунан жалпы 15 адам көз жумду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн