Бугу 07, 2024
Убакыт: 19:16
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

ЖМКлар шайлоого байланыштуу аккредитациядан өтүү үчүн кандай документтерди даярдаш керек?

06.09.2021 14:40
941
ЖМКлар шайлоого байланыштуу аккредитациядан өтүү үчүн кандай документтерди даярдаш керек?

КР шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын (БШК) маалыматтык бөлүмүнүн башчысы Руслан Изреков 2021-жылдын 28-ноябрындагы Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоодо ММК жана Интернет-басылмаларын аккредитациялоо эрежелери тууралуу айтып берди.


КР Жогорку Кеӊешинин депутаттарын шайлоону өткөрүүдө массалык маалымат каражаттарын жана Интернет-басылмаларын аккредитациялоону Борбордук шайлоо комиссиясы жүзөгө ашырат.


Аккредитациялоо үчүн ММК жана Интернет-басылмаларынын жана алардын өкүлдөрүнүн саны чектелбейт. Шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууну каалаган ММКлар төмөнкүдөй документтерди көрсөтүүгө тийиш:


шайлоо алдындагы үгүт иштерине катышууга даярдыгы тууралуу билдирүү, мында ММК же Интернет-басылманын жетекчисинин аты-жөнү, координаттары жана байланыш маалыматтары көрсөтүлөт;

өз өкүлдөрүнүн тизмеси;

КР Юстиция министрлигинде ММКнын катталуу күбөлүгүнүн көчүрмөсү;

мамлекеттик каттоо же юридикалык жакты кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн же салык органдарындагы катталуусу тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү, башкача айтканда, Интернет-басылмалар үчүн жеке ишкерликтин патенти, эгер устав болсо, анын көчүрмөсү;

эфир убактысын жана басылма аянтчасын же Интернет-басылмага чыгаруу укугун көрсөткөндүгү үчүн төлөмдүн көлөмү жана башка шарттары тууралуу тастыкталган маалымат, башкача айтканда, прайс-баракчасы.

ММК жана Интернет-басылмаларынын жогоруда аталган бардык документтери электрондук вариантта КР БШК почтасына жөнөтүлөт.


БШК тарабынан аккредитацияланбаган ММКларда жана Интернет-басылмаларында шайлоону чагылдырууда маалыматты жана маалыматтык билдирүүлөрдү жарыкка чыгарууда шайлоо алдындагы үгүттөөнүн эч кандай белгилери болбошу керек.


БШК эскертет: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамдарына өзгөртүүлөрдүн кирүүсүнө байланыштуу, Жогорку Кеӊештин депутаттарын шайлоо аралаш система боюнча өтөт. Шайлоодо Жогорку Кеӊештин 36 депутаты бир мандаттуу шайлоо округдарынан мажоритардык система боюнча, ал эми 54 – пропорционалдык система боюнча ачык тизме менен бирдиктүү шайлоо округдарынан шайланат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн