Жогорку Кеңештин депутаты Улукбек Ормонов президент Жогорку окуу жайлардын ректорлорун дайындашы тууралуу мыйзам долбоорун сунуштады. Бул тууралуу "Кактус медиа" редакциясы билдирди.
Депутаттын айтымында, ректорлорду шайлоо учурунда көптөгөн мыйзам бузуулар катталат.
"Жогорку окуу жайлардын ректорлорун шайлоодо университеттин мугалимдери жердешчиликке бөлүнүп көп көйгөй чыгат. Башка атаандаш жеңип чыкса ага добуш бербеген мугалимдерге куугунтук башталат.
Мындай маселени чечүү үчүн ЖОЖдордун ректорлорун президент дайындаганы туура болот",- дейт депутат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн