Теке 12, 2025
Убакыт: 18:38
USD
87.30
87.80
EUR
101.70
102.70
RUB
1.100
1.135

ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы жылга карата босого баллдары бекитилди

12.07.2025 13:55
21
ЖОЖдорго кабыл алуунун быйылкы жылга карата босого баллдары бекитилди


2025-2026-окуу жылына карата жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуунун босого баллдары бекитилди. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, гранттык негизде жана акы төлөнүүчү окутуунун бардык формалары үчүн босого упай 110, ал эми предметтик тесттер 60 балл деп белгиленгенди.


Ошондой эле айрым багыттар боюнча босого балл төмөндөгүдөй бекитилди:


- Педагогикалык билим берүү багыттары боюнча гранттык негизде тест боюнча – 130 балл, ал эми акы төлөнүүчү формаларына – 115 балл;


- Саламаттык сактоо багыттары боюнча гранттык негизде – 120 балл, ал эми акы төлөнүүчү формаларына – 110 балл;


- Айыл чарба жана айыл чарба илимдери боюнча адистиктерге - гранттык жана акы төлөнүүчү формаларына негизги тест боюнча – 100 балл;


- I жана II топтогу майыптарды, бала кезинен майыптарды, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды, тоголок жетим балдарды жана ата-эненин көзөмөлсүз калган балдарды кабыл алуу үчүн медициналык жана фармацевтикалык адистиктерден же багыттардан тышкаркы бардык адистиктерге - гранттык орундарга жана акы төлөнүүчү формаларына – 90 балл.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн