Бугу 18, 2024
Убакыт: 22:01
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

ЖРТга катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 13-14-июлда кечиккен тест өтөт

06.07.2020 15:07
931
ЖРТга катыша албай калган бүтүрүүчүлөр үчүн 13-14-июлда кечиккен тест өтөт


Билим берүү жана илим министрлиги, Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору айрым мектеп бүтүрүүчүлөрү ар кандай себептер менен жалпы республикалык тестирлөөгө белгиленген мөөнөттө катыша албай калгандыктан, кечиктирилген тестти өткөрүүнү чечти.

 

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, тест 13-14-июлда Бишкек жана Ош шаарларында өткөрүлөт.

 

Тестке кайрадан каттоо 6-10-июлда төмөнкү даректер боюнча жүргүзүлөт:

Бишкек шаарында - №24 мектеп-гимназиясында. Дареги: Тыныстанов көчөсү, 110;

Ош шаардык билим берүү башкармалыгында (Ош шаары, Сагынбек Супаналиев көчөсү, 308).


Кечиккен тестти 2020-жылы ЖРТга катышпаган абитуриенттер тапшыра алат. Эгерде абитуриент 2020-жылы каттоодон өтүп, бирок, ар кандай себептер менен тестке катыша албай калган болсо жана анын каттоо номери бар болсо, анда ал аталган жерлерден кайрадан каттоодон өтүүгө тийиш. Мындай абитуриенттер 3-форманы (тестке кирүү формасын), кабарлоо баракчасын жана инсанды күбөлөндүргөн документин милдеттүү түрдө алып келиши керек”, - деп билдирди басма сөз кызматы.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн