Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

ЖРТга каттоодон өтпөй калгандарга кошумча каттоо жүргүзүлөт

08.06.2020 13:55
1016
ЖРТга каттоодон өтпөй калгандарга кошумча каттоо жүргүзүлөт


Жалпы республикалык тестирлөөгө каттоодон өтпөй калгандарга кошумча каттоо жүргүзүлөт. Бул тууралуу билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров 8-июндагы брифингде билдирди.


Маалыматка ылайык, жалпы республикалык тестирлөөгө каттоо 15-майда аяктап, каттоодон 41 727 абитуриент өткөн. Ар кандай себептер менен каттоодон өтпөй калгандар үчүн 20-июнда жана 23-июнда кошумча каттоо жүргүзүлөт. Кечки каттоо атайын уюштурулган тест тапшыруу борборлорунда өтөт.


Алгачкы тестирлөөнүн I-бөлүгү 21-22-июнда, II-этабы – 24-25-июнь күндөрү өтөт.


Республика боюнча 116 тест тапшыра турган борбор даярдалууда. Мында бардык санитардык талаптар сакталып, медпункт, медкызматкерлердин күзөтү уюштурулат. Ал эми жогорку окуу жайларга тапшыруу ЖРТнын жыйынтыгы менен онлайн форматта бирдиктүү система аркылуу жүрөт, - деди Өмүров.


Анын айтымында ЖОЖго кабыл алуу үч тур менен ишке ашырылат: I-тур 20-25-июлда, II-тур 27-30-июлда жана III-тур 3-7-август күндөрү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн