Ат-Башы районунда жүндү кайра иштетүүчү фабрика курулат. Бул тууралуу аталган райондун администрациясы билдиргенин “Турмуш” басылмасы жазып чыкты. Анда айтылгандай, бул ишкананы куруу үчүн Өзбекстандан келген инвесторлор 4,5 млн доллар жумшайт.
Аталган басылма Ат-Башынын акими өткөн жылы Өзбекстандын Фергана облусуна иш сапары менен барып, ошол сапарда кызматташуу боюнча протоколго кол койгонун эскерткен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн