Кулжа 27, 2024
Убакыт: 23:54
USD
86.20
87.10
EUR
92.00
93.00
RUB
0.980
1.035

Жакында Түп районунда 220 орундуу маданият үйү пайдаланууга берилет

21.06.2024 16:15
249
Жакында Түп районунда  220 орундуу маданият үйү пайдаланууга берилет


Түп районунун Талды-Суу айылында 220 орундуу маданият үйүнүн курулушу аяктоодо. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу Мамкурулуш агенттигинин алдындагы Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан жүргүзүлүп жатат жана үстүбүздөгү жылы пайдаланууга тапшыруу пландалууда.

Белгиленгендей, объекттин курулушу республикалык бюджеттин эсебинен 2019-жылы башталган. Курулуш иштери дээрлик 85%га аяктап калды, учурда айланасын көрктөндурүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн