Бугу 02, 2024
Убакыт: 15:24
USD
88.80
89.70
EUR
94.70
95.70
RUB
0.940
0.975

Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгиленет

20.08.2021 11:26
1661
Жакында Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгиленет

Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү жакында белгиленет. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Тынчтык Шайназаров "Биринчи радиого" берген маегинде билдирди.


Анын айтымында, шайлоочулар добуш берүүгө катышуу үчүн  өздөрүн каттоо кызматынан текшерип алууга тийиш.


"Жогорку Кеңештин депутаттарын кайрадан шайлоо күнү жакынкы күндөрү белгилүү болот. Мыйзамга президент кол коёт. Мыйзамга ылайык, шайлоого 90 күн калганда шайлоо датасы белгиленет.

Ал эми шайлоочулар өздөрүнүн каттоодо турган жерин тактап алууга дагы бир жумадай убакыт бар",- деди Шайназаров.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн