Жакынкы айларда күйүүчү майдын баасы дагы кымбаттайт. Бул тууралуу Кыргызстан Нефтетрейдерлер ассоциациясынын төрагасы Канат Эшатов билдирди.
Анын айтымында, мындай өсүштөр Россияда мунайга болгон баанын өсүшүнө байланыштуу.
"Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинде күйүүчү майга болгон баа бизде салыштырмалуу көп кымбаттаган жок. Россияда мунайга болгон баа өскөндүктөн бизде да баалар көтөрүлүп жатат. Жакынкы аралыкта бензинге болгон баа 4 сомго, дизелдик күйүүчү майга болгон баа 6 сомго кымбатташы мүмкүн",- деди Эшатов.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн