Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 12:47
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың. Президент жаңы ак үй кайсы каражатка курулуп жатканын билдирди

16.04.2022 11:40
1280
Жакшы иш жасасаң да, жаман иш жасасаң да жакпайсың. Президент жаңы ак үй кайсы каражатка курулуп жатканын билдирди

“Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн социалдык тармактагы өздүк баракчасына жазды.

"Биздин коомчулукка жакшы иш жасасаӊ да, жаман иш жасасаӊ да жакпайсын.

Ошол үчүн мурдакылар эч нерсе жасабай эле жыргап олтура берейинчи деп тажаган сыяктуу? “Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону Президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик. Эч кам санабаӊыздар. Ар бир жасаган ишибиз, кабыл алган чечимдерибиз жалпы элдин, мамлекеттин гана пайдасына болот", - деп жазган мамлекет башчысы

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн