Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 00:10
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жактоочу Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко берүүгө ниеттенүүдө

16.02.2021 11:02
1545
Жактоочу Акин Токталиев Садыр Жапаровду сотко берүүгө ниеттенүүдө

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын мурдагы директору Акин Токталиев президент Садыр Жапаровду сотко берүүнү көздөп жатат. Бул тууралуу  мамлекет башчынын мурдагы адвокаты өзү журналисттерге билдирди.


Анын айтымында, ал акыркы чечимди кабыл ала элек жана Садыр Жапаров эл алдында андан кечирим сурашын күтүүдө.


"Менде Жапаровго каршы сот ишин козгоого жетиштүү негиздерим бар. Бардык фактылар топтолгон. Азырынча булар бир гана ниет. Өзүнүн маегинде Садыр Жапаров мен радикалдык ислам тобунун кызыкчылыгын коргогонумду  айтты ... Мен анын ушундай мамиле кылганына таарынып, капаланып жатам", -деди Акин Токталиев журналисттерге.

Токталиев соцтүйүндөрдө тараган аудиожазууну укканын жана Жапаров атайын  аны жана Максат ажы Токтомушевди кызматтан кетирүүнү каалаганын кошумчалады.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн