12-июнда Түштүк-батыш бажысынын башчысы Нурбек Айтмаматов УКМК тарабынан мыйзамсыз баю беренелери боюнча кармалган эле. Анда УКМКнын маалыматы боюнча 30дан ашык элиталык батири бар, унаа токтоочу жайлар, ондогон автокүлүктөрдүн ээси катары сүрөттөрү менен ЖМКда жарыяланган.
Ал эми Айтмаматовдун жактоочусу окуянын төркүнүн айтып, бажычыга карата өчөшкөндөр жалган жалаа менен арыз жазышкан.
Жактоочу Темирлан Кожоакматов окуянын чоо-жайына токтолуп төмөнкүлөрдү билдирди.
«Нурбек Айтмаматовдун апасы Кулбаева Канымбү тээ илгери, 1991-жылдары Союз тарагандан бери эле азыркы күнгө чейин коммерциялык ишмердүүлүк менен алектенип келе жатат. Ал убагында чет өлкөлөргө каттап, 90-жылдардын башында эле Кытай, Түркия, Иран мамлекеттеринен товар алып келип сатып, бизнесин жолго койгон. 90-жылдардан баштап бүгүнкү күнгө чейин бизнесин жүргүзүп, “Royal Construction” курулуш компаниясына кошо негиздөөчү катары 33,3 % менен кирген. Башкы прокурорго берилген арызда Канымбү Кулбаеванын курулуш компаниясына тиешелүү батирлер, байлыктардын баардыгы Нурбек Айтмаматовдуку болуп жазылып калган», - деди жактоочу.
Анын айтымында, Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн арызданган бул эки адам жалган, далилденбеген фактылар менен көрсөтмө беришкен.
Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат, шек жараткан жагдайлар иликтенип, анын канчалык денгээлде күнөөсү, айыбы бар - аны сот чечет.
Кожоакматовдун билдирүүсүнө ылайык, Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн арыз жазган Омуракунова Индира деген аял убагында анын апасынын курулуш компаниясында бухгалтер болуп иштеп, жасалма документтин негизинде, алдоо жолу менен өзүнүн жакын курбусуна 112 м² батирди өткөрүп берип, кассага бир тыйын төлөгөн эмес. 78 миң 890 доллар түштү деп чек жазып берип койгон. Бирок, бул акча курулуш компанияга кириштелген эмес. Андан тышкары 12 миң долларлык “Лексус РХ-330” унаасын да мыйзамсыз ээлик кылып алган. Натыйжада жасалма чек билинип, соттук териштирүү жүрүп, акыры Индира Омуракуновага карата 2017-жылы кылмыш иши козголуп, КР Кылмыш жаза кодексинин 171 беренесинин 4-бөлүгүнүн, 1-2 пукнттарынын негизинде 2018-жылы анын кылмышы далилденип, Ленин райондук сотунун өкүмүнүн негизинде ал күнөөлүү деп табылып, беш жылга эркинен ажыратылган. Бишкек шаардык соту да Ленин райондук сотунун өкүмүн күчүндө калтырган. Себеби, баардык күнөөлөрү далилденген. Ошол учурда Омуракунова Индира да Нурбек Айтмаматовдун апасынын үстүнөн финансы полициясына, ИИМдин тергөө кызматына арыз жазган. ИИМдин тергөө кызматы Кулбаеванын күнөөсү жок экенин далилдеп, ишти кыскарткан. Ал эми финполиция болсо ушул ишти карап жатып, аягына чыкпай жоюлуп кетти.
Ошондон улам Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримов кайрадан эле Канымбү Кулбаеванын үстүнөн улам - улам доо арыз жазып, эч нерсе далилдей албай, акыры уулу Нурбек Айтмаматов тууралуу жалган көрсөтмө берип, арызданышкан.
«Нурбек Айтмаматов убагында жыл сайын декларацияларды тапшырып турган. Декларациясында кандай байлыгы болсо баардыгы көрсөтүлгөн. Аталган кызматта 2021-жылдын февраль айынан баштап 4 эле ай иштеди. Дегеле Нурбек Айтмаматовдун кандайдыр бир өзүнүн айлык маянасынан сырткаркы байлыгы болсо - ал энесинин өмүр бою иштеген бизнесинен натыйжасы. Жалгыз уулу болгондуктан апасы ага ар дайым каралашып турган», - деп кошумчалады Т.Кожоакматов.
Нурбек Айтмаматовго апасы Кыргызстандагы алдыңкы бизнесмендердин бири болгону үчүн гана айып коюлуп, жалган жалаа жабылып жатат. Бул жерде мындай ой келет: бай, бизнесмен тууганың, же жакының болсо кылмышпы?
«УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы бул ишти объективдүү, ар тараптуу карайт деген ишеним бар. Ушул тергөөнүн жыйынтыгы менен менин жактоомдогу Айтмаматовго коюлган шектердин баардыгы акыйкат тергелип, иш кыскартылат деген үмүттөмүн. Себеби мыйзам менен акыйкат иштесе ошондой тыянак чыгат», - деди ал.
Жактоочунун айтымында, Нурбек Айтмаматов төлөгөн 6 миллионду апасы төлөгөн. Ал соттун жыйынтыгын күтпөй эле депозиттик эсепке которгон. Эми күнөөсү далилденбесе ал акча кайтарылып берилет. Бирок учурда тергөө иштери жүрүп жатат жана сот процесстери качан болоору белгисиз.
Тергөө иштери мыйзам боюнча бир жылга чейин созуларын жактоочу билдирип, бирок 1 жылдан ашпай турганын кошумчалады. Тергөөдө кылмышка шектүүнүн далили табылбаса, тергөө органдары аны кыскартып койгонго да укуктары бар.
«Айтмаматовго тагылган айыптагы байлыктардын ээлеринин баардыгынын бүгүнкү күндө көздөрү тирүү. Ошолордун баардыгы такталгандан кийин Айтмаматовго коюлган айып, четке кагылып, иш кыскарат деп ойлойм», - дейт Кожоакматов.
«Ал эми Алмаз Абдукаримов Айтмаматовго аталаш тууган. Нурбек Айтмаматовдун апасы анын жеңеси болот. Ал өзү 2013-жылы жеңеси Канымбү Кулбаевага келип, экөөбүз ортодон акча чыгарып, курулуш компаниясын иштетип, үй куралы деген сунушун айтат. Канымбү Кулбаева Алмаз Абдукаримовко миллион доллар санап берген. Алмаз акчаны алгандан кийин үй да салбай, жер да албай созуп жүрө берген. Кийин Кулбаева аны менен жолугуп, “акча кайда, иш эмне болду?” деп сураганда, тигинде бизнеске деген акча да, сала турган үй да жок болуп чыгат. Ага чейин эле Кулбаева тааныштардан Абдукаримов кымбат баалуу машина, мейманкана, баасы жогору үй сатып алды деген маалыматтарды угуп калат. Ошондо гана ал шектенип, мен берген акчаны жеке өзүнө пайдаланып жатат окшойт деп ойлойт. Акыры ал жеңесин кошпой, өзүнүн гана жеке атына жаздырган “Капитал строй инвест” курулуш компаниясынын 50 %ын Канымбүү Кулбаевага өткөрүп берүүгө аргасыз болгон. Бул тууралуу далай сот процесстери болуп, чечимдер чыгып, күчүнө кирген. Акыркы чечим Жогорку Сотто болгон. Бул боюнча талаш бүткөн», - деди жактоочу арыздангандардын бири Алмаз Абдукаримов тууралуу айтып жатып.
Ушундан улам Канымбү Кулбаевага жеке өчү, таарынычы бар Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримов биригип, Нурбек Айтмаматовдун үстүнөн жалган жалаа менен арыз жазышкан.
Жактоочу бул жерде Индира Омуракунова менен Алмаз Абдукаримовдун өчү Нурбек Айтмаматовдо эмес, анын апасы Канымбү Кулбаевада. Убагында Кулбаевага ал-күчү жетпей, мыйзам бүт бойдон ал тарапта экенин тушүнгөндөн кийин, азыркы тапта мыйзамсыз баюу боюнча иштер абдан актуалдуу экенин көрүп, УКМКнын ишин карап туруп, кырдаалды пайдаланышып, баласынын үстүнө жалган арыз жазышкан деген пикирде.
Ал буларды айтып, Айтмаматовго жалган жалаа жабылганын жана анын байлыгы анын апасынын эмгеги экенин кошумчалады.
Пикирлер (1)