Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 03:36
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Жактоочу: Сапар Исаковго бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн

09.06.2020 09:58
1007
Жактоочу: Сапар Исаковго бүгүн өкүм чыгышы мүмкүн

Бүгүн, 9-июнда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Мамлекеттик тарых музейин кайра калыбына келтирүү иштериндеги коррупциялык схема боюнча айыпталып жаткан Сапар Исаковдун иши каралат. 


Мурунку премьер-министр Сапар Исаковдун жактоочусу Бакытбек Автандил уулунун айтымында, соттук отурум саат 10:30га белгиленген. Бүгүн, сот өкүм чыгарышы мүмкүн. 


Буга чейин президенттин аппаратынын мурунку бөлүм башчысы Мира Карыбаева бул иш боюнча айыпталып, бирок мамлекеттик айыптоочу тарабынан анын бул ишке катыштыгы боюнча далил жок деп табылган. 


Кийин прокурор соттон аны КРнын Кылмыш кодексинин 320-беренеси ("Кызмат абалынан кыянат пайдалануу") менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып төлөтүүнү өтүнгөн. 


Ал эми Сапар Исаковду мамлекеттик айыптоочу 20 жылга эркинен ажыратууну суранууда. 


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн