Бүгүн, 13-ноябрда Бишкектеги Жал кичи районуна жылуулук берүү токтотулду. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.
"Урматтуу жарандар! "Бишкекводоканалдагы" авариялык иштерге байланыштуу, "Бишкекжылуулук" 13-ноябрда Жал кичи районунун жашоочуларына жылуулук энергиясын берүүнү авариялык жумуштар бүткөнгө чейин токтотууга аргасыз болушат. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн чын жүрөктөн кечирим сурайбыз",- деп жазылат маалыматта.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн