Бугу 16, 2024
Убакыт: 17:48
USD
88.40
89.30
EUR
95.80
96.80
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды

Жалал-Абад облусунан курал-жарактын жана ок-дарылардын кампасы табылды



2021-жылдын 13-мартында, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин уюшкан кылмыштуу топтордун ишин аныктоо жана ага бөгөт коюу иш-аракетинин алкагында, Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунан курал-жарак жана ок-дары сакталган кампа табылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Кампадан "Ф-1" кол гранатасы, 2 жылмакай көзөнөктүү мылтык, ар кандай калибрдеги 40 ок жана бычак табылып алынган.


Бул факт боюнча сотко чейинки процесстин материалдары Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 253-беренеси ("Курал-жарак жана ок-дарыларды мыйзамсыз жүгүртүү") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. 


Алынган курал-жарак жана ок-дарылар тиешелүү экспертизага жөнөтүлдү.


Учурда УКМК тарабынан ок атуучу куралды жана ок-дарыларды мыйзамсыз сактоого тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары улантылууда.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн