Бугу 10, 2024
Убакыт: 12:00
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө

06.08.2020 14:20
889
Жалал-Абадда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө


Жалал-Абад облусунда 100 орундуу оорукананын курулушу жүрүүдө. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков 6-августтагы брифингде билдирди. 


Анын айтымында, учурда, курулушту каржылоо маселеси чечилди.  


"Ошондой эле, Түштүк аймактык жүрөк-кан-тамыр  хирургиясынын изилдөө борборунун имаратында капиталдык ремонт өткөрүлүп жатат”, - деди Ырысбек Ызабеков.


Анын айтымында, коронавирустун экинчи толкунуна байланыштуу божомолдорго атайын комиссиянын чечими менен 39 пункттан турган иш-чаралардын планы белгиленди.


Иш-чаралар тийиштүү органдар тарабынан бекитилиши күтүлүүдө. Негизинен, күз мезгилинде  оору-сыркоо көп болоорун эске алынып, бул боюнча бардык район шаарлардагы жетекчилерге тапшырма берилип, иштер жүрүп жатканы маалым болду.  


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн