Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 04:59
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭСтин куруу иштери жүрүүдө

02.06.2023 10:59
588
Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭСтин куруу иштери жүрүүдө


Жалал-Абад облусунда эки чакан ГЭС курулууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын бири ата мекендик инвесторлор тарабынан Сузак районунда "Көгарт" чакан ГЭСи курулууда. Анын кубаттуулугу 6,7 МВт түзөт. Долбоордо коюлган план боюнча ЧГЭС ушул жылдын 3-кварталында бүтүшү керек. Эгерде “Көгарт” ЧГЭС ишке кирсе, Сузак районуна караштуу Ленин айыл өкмөтүн электр энергиясы менен камсыздай алат.

Ошондой эле ушул эле райондо "Айгыр жал" чакан ГЭСи курулууда. Анын кубаттуулугу 2,4 МВт. Учурда Кытай Республикасынан атайын керектүү жабдуулар алынып келинди. Долбоордо коюлган план боюнча быйыл ишке киргизилет.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн