Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды, - деп билдирет Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы.
КР Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө күн мурун, 22-сентябрда саат 22:07де Жалал-Абад облусунун аймагында катталып, очогунда күчү 3,5 баллга жеткен.
Жер титирөө Токтогул районунун Көл жана Алмалуу айылдарында 3,5 балл, Ак-Тектир , Кырк-Казык, Кара-Күнгөй жана Чон-Арык айылдарында 3 баллга чейин сезилди.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн