Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 19:56
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Жалал-Абад прокуратурасы 12 млн сом өлкөгө кайтарды

30.09.2021 15:06
553
Жалал-Абад прокуратурасы 12 млн сом өлкөгө кайтарды

Жалал-Абад облусунда прокурордук чара көрүү актылардын негизинде мамлекетке 12 млн сомдон ашуун каражат кайтарылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы маалымдады.


Үстүбүздөгү жылы Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан жер казынасы жөнүндө мыйзамдарынын аткарылышы боюнча 13 прокурордук акты, 2 доо арыз келтирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 4 материал катталган. Келтирилген прокурордук актыларды кароонун жыйынтыгы менен мамлекеттин пайдасына 12 494 166 сом накталай акча түрүндө кайтарылган. Ошондой эле, азыркы күндө 126 620 355 сомду түзгөн зыян боюнча доо арыздар соттун кароосунда турат.


Бул маалыматтар 29-сентябрда өткөн Жалал-Абад облусунун прокурору У. Ибраим уулунун жетекчилиги алдында облустагы укук коргоо, фискалдык жана башка мамлекеттик органдарынын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын коррупцияга каршы аракеттенүү маселелери боюнча Координациялык кеңешмесинин отурумунда айтылды.


Кеңешменин отурумунда облустук прокуратура органдары тарабынан 2021-жылдын ушул күнүнө чейин жеке ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча 24 прокурордук акты келтирилип, кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 3 материал катталгандыгы маалымдалды.


Кеңешменин жыйынтыгы менен укук коргоо жана контролдоочу органдарынын жетекчилигине жеке ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын бузулушуна жол бербөө жагы көрсөтүлдү. Ошондой эле, мамлекеттик жана өз алдынча башкаруу органдарына жогорудагыдай коррупциялык укук бузууларга жол бербөө боюнча комплекстүү иш-чараларды алып баруу жагы милдеттендирилди.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн