Кулжа 17, 2025
Убакыт: 15:38
USD
87.30
87.80
EUR
100.50
101.50
RUB
1.100
1.140

Жалал-Абад шаарында 102 объект буздурулуп, ордуна ипотекалык үйлөр курулат

17.06.2025 11:40
21
Жалал-Абад шаарында 102 объект буздурулуп, ордуна ипотекалык үйлөр курулат


Жалал-Абад шаарында 102 объект буздурулуп, анын ордуна көп кабаттуу ипотекалык турак-жайлар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.


Күн мурун шаар мэри Эрнисбек Ормоков тиешелүү жетекчилер жана Мамлекеттик ипотекалык компаниянын өкүлдөрү менен биргеликте Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен жеринде жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүздү.


Шаар башчысы Барпы-Сейил көчөсүнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы 102 объект буздурулуп, ордуна заманбап, көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курула тургандыгын айтып, дээрлик жашоочулардын бары ага макул экендигин билдирди.


Мындагы турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компаниясы тарабынан жаңы курулган көп кабаттуу үйлөрдөн батирлер берилет.


Белгилей кетсек, аталган жайга болжол менен 15 кабаттуу турак жайлар курулат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн