Тогуздун айы 13, 2025
Убакыт: 00:25
USD
87.30
87.80
EUR
101.00
102.00
RUB
1.070
1.095

Жалал-Абад шаарында "Коопсуз шаар" шаар долбоору ишке кирет

01.03.2021 18:12
922
Жалал-Абад шаарында "Коопсуз шаар" шаар долбоору ишке кирет

Жакында «Коопсуз шаар» долбоору Жалал-Абад шаарында ишке киргизилет. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, «Коопсуз шаар» долбоорунун экинчи этабына ылайык, Жалал-Абад шаарында камераларды орнотууга даярдыктар жүрүүдө.

Бүгүн калаанын биринчи вице-мэри Нуртилек Орозбаев милдеттендирилген компания өкүлдөрү жана тийиштүү тармактар менен биргеликте видеобайкоо орнотулуучу көчөлөрдү текшерип чыгышты.

Шаар боюнча 12 көчөгө аталган долбоордун камералары коюлат. Ал эми Жалал-Абад облусунун аймагына жалпы 48 жерге жол кыймылындагы эреже бузууларды аныктаган көзөмөл камерасын орнотуу пландалууда. Анын ичинен Ош — Бишкек автожолуна 32 камера, ал эми Жалал-Абад — Балыкчы жолуна 4 камера коюлат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн