Аяк оона 09, 2025
Убакыт: 20:34
USD
87.30
87.80
EUR
102.40
103.40
RUB
1.047
1.080

Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүү. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды

09.09.2025 13:14
31
Жалал-Абад шаарынын аталышын өзгөртүү. ЖК комитети мыйзам долбоорун жактырды


Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында «Кыргыз Республикасынын Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо жөнүндө» мыйзам долбоору каралып, үч окууда жактырылды.


Парламенттен билдиришкендей, жыйында баяндама жасаган Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директору Кудайберген Базарбаев белгилегендей, мыйзам долбоору Жалал-Абад облусунун Жалал-Абад шаарын Манас шаары деп кайра атоо максатында иштелип чыккан.


Анын айтымында, мыйзам долбоору улуттук идеологияны чыңдоого, тарыхый инсан, элдик баатыр, кыргыз элин ар кандай чабуулдардан сактаган айкөл Манас атанын атын Жалал-Абад шаарына ыйгарууга багытталган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн