Бугу 19, 2024
Убакыт: 05:43
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда 1160 кожолукту көчүрүү пландалууда

Жалал-Абадда 1160 кожолукту көчүрүү пландалууда

Жалал-Абад облусунда жашоого кооптуу аймакта жашаган эл көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон,Сузак, Аксы,Ноокен райондорунда Кара-Көл, Майлуу-Суу, Жалал-Абад шаарларында жалпы 1160 кожолук жер көчкү, таш кулоо, кар көчкү,сел каптоо коркунучу бар аймактарда күн өткөрүп келишүүдө.


"Аталган үй-бүлөлөргө КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын район, шаардык ӨКБнүн офицердик курамы жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен кооптуу аймакта жашаган тургундарды коопсуз аймакка көчүрүү аракеттери жүрүүдө.


Мамлекет тарабынан керектүү судаларды жана турак жай салуу үчүн жер тилкелерин алып бирок дагыда коопсуз аймакка көчпөгөн үй-бүлөлөрдүн документтери чогултулуп сот органдарына өткөрүп берилет",- деп айтылат билдирүүдө.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн