Бугу 14, 2024
Убакыт: 13:34
USD
88.40
89.30
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Жалал-Абадда 2 килограммдан ашык баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

24.03.2022 16:12
389
Жалал-Абадда 2 килограммдан ашык баңгизат сактап жүргөн жаран кармалды

Майлуу-Суу милициясы 2,2 кг баңгизатын мыйзамсыз сактаган жаранды кармады. Бул тууралуу Жалал-Абад облусук милициясынын басма сөз кызматы билдирет.


Билдирүүгө ылайык, Майлуу-Суу шаардык ички иштер бөлүмүнө Л. аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз сактап жана колдонуп жүрөт деген маалымат келип түшкөн.


Анын негизинде тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, 2022-жылдын 23-март күнү КР Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин (Баӊгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, мыйзамсыз даярдоо) менен катталып, кылмыш иши козголгон.


Майлуу-Суу милициясы тарабынан шаар аймагында “Чет өлкөлүк жаран” операциясы өткөрүлүп, ШИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Баңгизаттарын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Майлуу-Суу шаарынын 1975-жылы туулган С.А. аттуу тургуну үйүндө баңгизатын сактагандыгы аныкталган.


Жалал-Абад ОИИБдин Криминалистикалык кызматы тарабынан чыгарылган соттук-химиялык экспертизанын жыйынтыгында алынган баңгизаты марихуана экендиги жана жалпы салмагы 2 кг 280 гр түзгөндүгү аныкталган.


Алынган далил буюмдар менен С.А. Майлуу-Суу ШИИБнин Тергөө кызматына өткөрүп берилип, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде убактылуу кармоочу жайга киргизилген.


Учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.


 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн