Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 23:20
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Жалал-Абадда 20 миң сом айлык алган мугалимдерден 5 миң сомдон алган директор кармалды

26.05.2023 17:41
313
Жалал-Абадда 20 миң сом айлык алган мугалимдерден 5 миң сомдон алган директор кармалды




 24-майда  УКМК кызматкерлери тарабынан 20 миң сом өлчөмүндө акча каражатын алып жаткан учурда Жалал-Абад облустук көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору Ч.Ч.А. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


  Маалым болгондой, Көркөм сүрөт мектеп-интернатынын директору кызматка дайындалган учурдан тартып, б.а. 2023-жылдын февраль айынан баштап ар кандай шылтоолор менен кол алдындагыларды айлык акысынын бир бөлүгүн ага өткөрүп берүүгө мажбурлаганы аныкталды.


  Бул мектеп-интернаттын мугалимдеринин орточо маянасы 20 миң сомдун тегерегинде экендигин белгилей кетүү керек, анын 5 миң сому директор Ч.Ч.А.га берүүгө аргасыз болушкан.


  Ошондой эле, мындан мурда аталган Ч.А.А. мыйзам бузуулар үчүн жумуштан кетирем деп коркутуу менен мектептин ашпозчусунан 17 000 сом алгандыгы аныкталды.

 

Тергөө иштери жүрүп жатат.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн