Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда Кайырма көлүнө 13-июнь күнү 23 жаштагы жигит чөгүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, издөө иштерин жүргүзүү үчүн 20 куткаруучу, 8 милиция кызматкери, жергиликтүү тургундардан 10 адам тартылды.
Эскерте кетсек, натыйжа бербегендиктен издөө иштери 14-июнь күнү да улантылат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн