Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 19:34
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Жалал-Абадда AstraZeneca вакцинасынын терс таасири байкалды

Жалал-Абадда AstraZeneca вакцинасынын терс таасири байкалды

Жалал-Абад облусунда AstraZeneca вакцинасын алгандан кийин терс таасир байкалган учур катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, эмдөөдөн кийинки көзөмөлдүн жүрүшүндө 2021-жылдын 5-августунда Жалал-Абад облусуна караштуу Ала-Бука айылындагы аскердик бөлүктө коронавируска каршы AstraZeneca вакцинасы менен эмделгендер арасында терс таасир байкалган.


Жалал-Абад облусуна жалпы 4 миң доза вакцина бөлүнгөн, анын ичинен 211 адам эмделген. Маалым болгондой, аталган аскердик бөлүктө эмделген 90 адамдын төртөөндө эмдөөдөн кийинки терс таасирлер катталган. Айрымдарынын дене табы 39 градуска чейин көтөрүлүп, баштары катуу ооруган.


Ал эми 40 аскер кызматкеринде субфебрилдик температура байкалган. Ушуга байланыштуу кошумча көзөмөл үчүн вакцинаны алган 44 аскер кызматкери медициналык кызматкерлердин көзөмөлүнө алынган.


Учурда бардык бейтаптардын абалы туруктуу, алар дарыгерлердин көзөмөлүндө. Окуя катталган жерге саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жалалидин Рахматулаев жана жооптуу адистер жөнөп кетишти.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн