Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 19:38
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун эки мүчөсү уюмдан баш тартты

13.06.2022 18:09
785
Жалал-Абадда “Хизб ут-Тахрир” уюмунун эки мүчөсү уюмдан баш тартты

Жалал-Абад облусунун эки тургуну “Хизб ут-Тахрир” диний экстремисттик уюмдун идеологиясынан баш тартты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.



   Маалыматка караганда, УКМКнын диний-экстремистик жана эл аралык террордук уюмдардын ишмердүүлүгүн алдын алууга жана бөгөт коюуга багытталган иш-аракеттердин алкагында, Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүн жана тарапкерлерин ынандыруу боюнча түшүндүрүү жана алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлдү.

   

Көрүлгөн профилактикалык иш-чаралардын натыйжасында Ала-Бука районунун тургуну С.О.Т. жана Аксы районунун тургуну Х.М.М. тандап алган диний багытынын туура эмес экенин түшүнүү менен, экстремисттик идеялардан баш тартып, жарандарды “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз чакырыктарына алданбоого чакырышты.


    Бул жарандар 1999- жана 2018-жылдардан бери “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун кылмыштуу ишмердүүлүгүнө катышып, экстремисттик жашыруун топтун активдүү кызматкерлери менен байланышта болушкан.

 

  Азыркы учурда КР УКМК тарабынан “Хизб ут-Тахрир” ДЭУнун ишмердүүлүгүн аныктоо жана бөгөт коюу, ошондой эле аталган диний-экстремисттик уюмдун мүчөлөрүнүн арасында алдын алуу иш-чараларды жүргүзүү боюнча ишмердүүлүк улантылууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн