Бугу 05, 2024
Убакыт: 03:26
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү адамды өлтүрүүгө аракет кылышкан

Жалал-Абадда Көлбаевдин УКТ мүчөлөрү адамды өлтүрүүгө аракет кылышкан


Жалал-Абадда эркек кишини унаанын терезесинен атып кетишти. Кылмышка шектүү катары жок кылынган мыйзамдагы ууру Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, 30-августка караган түнү белгисиз адамдар Daewoo Nexia үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсүнө бир нече жолу ок чыгарган. Жабырлануучу облустук бириккен ооруканага жеткирилген.


Факт боюнча “Адам өлтүрүүгө аракет кылуу” беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.


Шектүү катары Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү Сузак районунун тургуну кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ал мындан ары криминалдык идеологияны колдобой турганын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде жашай турганын убада кылган.


Буга чейин бул кылмыш иши боюнча Сузак районунун дагы үч тургуну кармалган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн