Бугу 15, 2024
Убакыт: 13:13
USD
88.40
89.30
EUR
95.30
96.30
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда бизнес мыйзамсыз түрдө токтотулганы аныкталды

21.07.2021 12:26
705
Жалал-Абадда бизнес  мыйзамсыз түрдө токтотулганы аныкталды



Жалал-Абад облустук прокуратурасы тарабынан «Н» жоопкерчилиги чектелген коомунун директору Н.Ы. аттуу ишкердин прокуратура органдарынын ишеним телефонуна кайрылуусу боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен ишкердикти мыйзамсыз текшерүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 13-июлунда Таш-Көмүр шаардык ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери ишкердиктин субъекттеринин укуктарын колдоого багытталган мыйзамдарды жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарынын талаптарын одоно түрдө бузуу менен “Н” жоопкерчилиги чектелген коомунун ишмердүүлүгүн текшерүү жөнүндө актыны прокуратура органдарында каттатпастан, мыйзамсыз түрдө коомдун ишин токтоттурушкан. Мындай мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында аталган коом олуттуу материалдык чыгымга учураган. 


Көзөмөл органынын кийлигишүүсү менен жогоруда аталган ишкана бүгүнкү күндө кайра өз ишин жандандырып, иштей баштады. 


Бул факты Жазык кодексинин 320-беренеси (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн