Теке 18, 2025
Убакыт: 00:51
USD
87.30
87.80
EUR
100.90
101.90
RUB
1.111
1.135

Жалал-Абадда чет мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган жаран соттолду

17.07.2025 12:22
23
Жалал-Абадда чет мамлекеттин пайдасына тыңчылык кылган жаран соттолду


Кыргызстандын жараны мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн соттолду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.


Атайын кызмат тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында, аныкталгандай Жалал-Абад шаарынын тургуну И.С.С. чет мамлекеттик атайын кызматтын пайдасына тыңчылык жасагандыгы ачыкка чыгып, кармалды.


Белгилүү болгондой, И.С.С. 2005-жылы чет элдик атайын кызмат тарабынан жалданып, узак убакыттар бою алардан акчалай сыйлыктарды алуу менен бирге, өз өлкөсүнүн коопсуздугуна зыян алып келүүчү ишмердүүлүк жүргүзүп келген. Алсак, чет элдик чалгындоо кызматынын тапшырмасына ылайык И.С.С. КР айрым жарандарын ар кайсы шылтоолор менен өлкө аймагынан сыртка алып чыгып, андан ары ал жарандар чет өлкөлүк күч түзүмдөрү тарабынан ар түрдүү кылмыштарга байланыштуу негизсиз айыптоолорго дуушар болушкан. 


Мындан сырткары, тергөөнүн жүрүшүндө И.С.С. Жалал-Абад шаарындагы өзүнүн турак жайын чет элдик атайын кызматтын кызматкерлеринин жашыруун жолугушууларды уюштуруу боюнча көмүскө жайына айлантканы аныкталган. Ошондой эле чет мамлекеттик атайын кызматтардын тапшырмасы боюнча ал өлкөнүн жогорку даражалуу кызмат адамдарынын аймакка болгон иш сапарлары боюнча маалыматтарды (программасы, жол жүрүү каттамдары ж.б.у.с.) чогултуп, жөнөтүп турган.


Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин "Мамлекеттик чыккынчылык" беренесинде каралган кылмыш белгилери боюнча кылмыш иши козголгон.


Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен И.С.С. күнөөлүү деп табылып, мүлкүн конфискациялоо менен 7 жылга эркинен ажыратылды.


УКМК Кыргызстандын жарандарына мамлекеттик чыккынчылык өзгөчө оор кылмыш катарына кирээрин эскертет, анткени ал өлкөнүн конституциялык түзүлүшүнүн негиздерине жана улуттук коопсуздугуна каршы багытталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети жарандарды сак болууга жана чет мамлекетке кирүү учурунда Кыргызстандын жарандарын чет өлкөлүк атайын кызматтардын, анын ичинде эл аралык, бейөкмөт жана коммерциялык уюмдардын көмөгү астында иштегендердин мыйзамсыз аракеттерине тартуунун мүмкүн болгон бардык учурлары жөнүндө улуттук коопсуздук органдарына токтоосуз билдирүүгө чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн