Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 19:41
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Жалал-Абадда дээрлик 3 млн сом опузалап талап кылган Камчы Көлбаевдин адамдары кармалды

Жалал-Абадда дээрлик 3 млн сом опузалап талап кылган Камчы Көлбаевдин адамдары кармалды



УКМКнын Жалал-Абад областтык Башкы башкармалыгы тарабынан 120 миң сом акча каражатын талап кылып жаткан учурда К.Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү А.Р.Б. акча алып жаткан жеринен кармалган.  Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.


  Маалым болгондой, кармалган адам физикалык зомбулук көрсөтөм деп коркутуу жолу менен кысым көрсөтүп, Жалал-Абад шаарынын тургунуна 2 млн 900 миң сом карызга милдеттендиргенин билдирген.  


  Бул факты боюнча облустун башкы башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесинин 3-бөлүгүнүн 2-пунктунда (Опузалап талап кылуу) боюнча каралган кылмыштын негизинде кылмыш иши козголгон. 



  Учурда кармалган жаранга Жалал-Абад шаардык сотунун чечими менен КР УКМКнын Жалал-Абад областтык тергөө камак жайына 2023-жылдын 12-мартына чейин камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынган. 


  УКМК өз компетенциясынын чегинде уюшкан кылмыштуу топторго жана жамааттарга каршы аракеттенүүнү улантууда.

   Ошондой эле, УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча Башкы башкармалыгы облусунун тургундарын уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан мыйзам бузуунун бардык фактылары боюнча байланышууга жана билдирүүгө чакырат.

   Тергөө иштери жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн