Бугу 20, 2024
Убакыт: 09:39
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Жалал-Абадда милиция эртеңден тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

24.11.2021 14:18
682
Жалал-Абадда милиция эртеңден тарта күчөтүлгөн тартипте иштей баштайт

Жалал-Абадда ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин катышуусунда саптык кароо өткөрүлдү. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 24-ноябрь күнү Жалал-Абад шаарынын борбордук «Эркиндик» аянтында Жалал-Абад ОИИБдин борбордук аппаратынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин “Шумкар” АБПнын Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Ички аскерлеринин 704 аскер бөлүгүнүн, Жалал-Абад ШИИБдин жана Жалал-Абад шаардык күзөт кызматынын өздүк курамы үчүн шайлоо күнүнө карата нускама берүү боюнча саптык кароо өткөрүлдү. 

Аталган иш-чарага Кыргыз Республикасынын Ички иштер министринин орун басары милициянын полковниги Нурбек Абдиев катышып, өздүк курамга министрликтин талаптарын жеткирип, бир топ тапшырмаларды коюу менен бирге үгүт иштерине кийлигишпей, бөлүнгөн шайлоо тилкелеринде мыйзамдуулукту сактап, коомдук тартипти көзөмөлдөө зарылдыгын белгилеп өттү.


Саптык кароодо Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев чыгып сөз сүйлөп, милиция кызматкерлерине шайлоо учурунда кызмат өтөөдө шарттар түзүлгөнүн белгилеп, коомдук коопсуздукту камсыздоодо аткарып жаткан жумуштардын жыйынтыгы зор экенин айтып, ыраазычылыгын билдирди.

Ошону менен катар Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев менен биргеликте ар бөлүктү кыдыруу менен өздүк курамдын шайлоого карата даярдыктары текшерилип, саптык кароо өткөрүлдү.

Иш-чаранын соңунда атайын нускамалар берилип, кызматкерлер шайлоо тилкелерине бөлүнүшүп, өздүк курам салтанаттуу жүрүштөн өтүштү.

Белгилей кетсек, облустук милиция 25-ноябрдан тартып күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөшөт. Ал эми облус аймагындагы 450дөн ашык шайлоо тилкелеринде фискалдык органдар менен биргеликте 1000ден ашуун кызматкерлер коомдук тартипти көзөмөлдөшөт. 

  


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн