Бугу 11, 2024
Убакыт: 15:38
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Жалал-Абадда наристени 40 миңге сомго сатууга аракет кылган жаран кармалды (видео)

10.11.2021 17:00
559
Жалал-Абадда наристени 40 миңге сомго сатууга аракет кылган жаран кармалды (видео)

ИИМдин кызматкерлери наристени сатууга аракет кылган аялды кармашты. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы кабарлады.


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына Жалал-Абад шаарынын тургуну документтерди жасалмалоо менен алектенгендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.


 Аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 359-беренесинде (Документтердин жасалмасы) каралган кылмыштын белгилери менен КЖБРге катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 


 Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Жалал-Абад облусу боюнча кызматкерлери Жалал-Абад шаардык ИИБнын кызматкерлери менен биргеликте ыкчам-издөө аракеттеринин жыйынтыгында “Ж” аттуу жаран (аял киши) жаңы төрөлгөн наристени сатууга мыйзамсыз документтерди даярдап жаткандыгы аныкталган.


 Бул кылмышты жасоо аракети даярдалып жаткандыгы тууралуу маалыматтын негизинде атайын тергөө амалдары уюштурулуп, ИИМдин кызматкерлери сатып алуучу катары чыгып, 40 миң сом өлчөмүндө акча каражаты берип жаткан жерден жогоруда аталган “Ж” аттуу жаран кармалган.


 Ал эми, жаңы төрөлгөн наристени Жалал-Абад облусунун балдарды коргоо бөлүмүнүн адистерине өткөрүлүп берилди.


 Мындан тышкары, аталган факты Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 171-беренесине (адам сатуу) квалификациясы алмаштырылды.

 Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши уланууда.





Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн