Бугу 18, 2024
Убакыт: 16:30
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун 11 мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда "Хизб ут-Тахрир" уюмунун 11 мүчөсү кармалды

Жалал-Абадда «Хизб ут-Тахрир аль-Ислами» диний экстремисттик уюмунун жашыруун ячейкасынын ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы кабарлады.


27-октябрда Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин 2-бөлүгү (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында, Сузак районунун Кургак-Көл айылынын аймагында, ай сайын өткөрүлүүчү “чогулушта” «Хизб ут-Тахрир» уюмунун он бир мүчөсү кармалды.


Алар: А.И.Т., И.З.К., К.М.Т., М.Х.Ч., Б.И.М., А.Т.Ж. жана Ч.Х.Т., Э.Н.Т., Х.Ф.Г., П.С.А., А.Д.


Жүрүзүлгөн тинтүү иштеринин натыйжасында ири өлчөмдөгү экстремисттик мүнөздөгү адабияттар, баракчалар, уюлдук телефондор, электрондук маалымат каражаттарды алып жүрүүчүлөр жана ячейканын каржылык ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтар алынган.


Бул адамдар экстремисттик идеологияны жайылтуу максатында системалуу түрдө диний сабактарды өткөрүп, ошондой эле социалдык тармактар аркылуу экстремисттик материалдарды таратып жүрүшкөн. Кармалган жарандар УКМКнын Жалал-Абад областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайына киргизилди.


Алардын кошумча кылмыштуу байланыштарын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн