Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Масы айылында Эски Масы сайынан аялдын сөөгү табылды.
ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, азият түспөлүндөгү аялдын сөөгү сайда жаткандыгы тууралуу маалымат “112” кызматына түшкөн. Жерине үч куткаруучу тартылып, аялдын сөөгүн милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн