Жалал-Абад шаардык соту жаңы төрөгөн ымыркайын Спутник кичи шаарчасындагы акыр-чикир таштоочу жайга таштап кеткен келинге чечим чыгарганын соттун маалымат кызматы кабарлады.
Белгилүү болгондой, Т. Э. И. Кылмыш-жаза кодексинин "Жаңы төрөлгөн ымыркайды энеси өлтүрүүгө аракет кылган" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылды. Сот аны бир жылга шарттуу көзөмөлгө алуу чечимин чыгарды.
Эске салсак, 2023-жылдын ноябрь айында Жалал-Абад шаарындагы Спутник кичи шаарчасында акыр-чикир таштоочу жайдан жаңы төрөлгөн кыз табылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн