Жалал-Абад облусунда үй-бүлөлүк зомбулук катары 61 факт катталды. Бул тууралуу 28-апрелде болгон брифингде Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун коменданты Жеңиш Жоробеков билдирди.
Анын айтымында ата-энелердин кайдыгерлигинен жаш балдар менен 9 кырсык иши катталган.
“Облустун аймагында үй-бүлөлүк зомбулук катары 61 факт катталды. Биз балдарыңыздар менен үй-бүлөңүздөр менен бирге отуруңуздар деп айтып келебиз. Тилеке каршы ата-энелердин кайдыгерлигинен өспүрүмдөр арасында 9 кырсык катталды, анын ичинен 3 бала сууга агып кеткен. Алардын экөөнүн сөөгү табылып, бирөө куткарылган”, - деди Жоробеков.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн