Бугу 05, 2024
Убакыт: 19:19
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Жалал-Абадда үйлөнүү тоюнда унаада баратып абага ок чыгарган жаран кармалды

11.03.2024 13:55
207
Жалал-Абадда үйлөнүү тоюнда унаада баратып абага ок чыгарган жаран кармалды


Жалал-Абадда үйлөнүү тоюнда унаада баратып абага ок чыгарган жаран кармалды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, социалдык тармактарда белгисиз жаран үлпөт той кортежинде бара жаткан унаалардын арасынан BMW X5 үлгүсүндөгү унаанын каптал айнегинен чыгып, бир нече жолу абага ок чыгарган тартылган видео тараган.

Аталган факты боюнча ыкчам-издөө иш-чарасы жүргүзүлүп, аталган видео Жалал-Абад облусунун аймагында тартылганы аныкталып, ЖКККББ кызматкерлери тарабынан 1996-жылы туулган О.Ж. кармалып, иликтөө иштерин джүргүзүү үчүн Сузак райондук ички иштер бөлүмунө жеткирилди.

ЖКККББ айдоочулардан жол эрежелерин так сактоого чакырат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн