Бугу 18, 2024
Убакыт: 18:54
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жаран кармалды

Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жаран кармалды

Жалал-Абад шаарында жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды.


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматы билдиргендей, УКМКнын Жалал-Абад башкы башкармалыгы тарабынан Жалал-Абад шаарынын тургундарына карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 220-беренесинин 2-бөлүмү ("жалган ишкерлик") боюнча кылмыш иши козголгон.


Такталган боюнча, Жалал-Абад облусунун аймагында салык төлөөчү катары катталган субъектилердин ишмердүүлүгүн талдоо учурунда, болжолдуу түрдө товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү иш жүзүндө жеткирбестен эсеп-фактуралар жазылган шектүү иштер такталган.


Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган фирмалардын иш жүзүндөгү жана жасалма жетекчилери кармалып, алардын мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды.


Учурда козголгон кылмыш ишинин алкагында бул фирмаларга кандай кошумча салыктар алынганы туралуу салыктык текшерүүлөр дайындалды.


Тергөө иштери уланууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн