Теке 16, 2025
Убакыт: 08:49
USD
87.30
87.80
EUR
101.60
102.60
RUB
1.116
1.135

Жалал-Абадда жаңы курулган "Көк-Арт" көмөк чордону пайдаланууга берилди

19.06.2025 09:05
270
Жалал-Абадда жаңы курулган "Көк-Арт" көмөк чордону пайдаланууга берилди


Сузак районунун Таран-Базар айылында жаңы 110/35кВ "Көк-Арт" көмөк чордону курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.


Иш-чарага энергетика министри Таалайбек Ибраев, президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаев катышты.


Бул көмөк чордон Кытай - Кыргызстан - Өзбекстан темир жолунун курулушуна зарыл болгон электр энергиясы менен камсыз кылуу максатында курулду.


Курулуш иштери үстүбүздөгү жылдын апрель айынан башталып, Кытай темир жол компаниясы ишке ашырды.


Жаңы курулган 110/35кВ “Көк-Арт” көмөк чордондон 35 кВ эки линия чыгат. Алар 35кВ Калмак-Кырчын аба чубалгысынын узундугу 11 чакырым, Сары-Кыр 35кВ аба чубалгысынын узундугу 35 чакырымды түзүп, Казарман аба чубалгысына туташат.


Көмөкчордон "Кыргызстан УЭТ" ААК жана Кытай-Кыргызстан темир жол куруучу компаниясынын ортосундагы келишимдин негизинде курулду.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн