Жалал-Абадда жеңил унаа толугу менен күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.
Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Ак-Баш айылында жолдун боюнда “Форд-фокус” үлгүсүндөгү, жеңил унаасы толук күйүп кетти.
Өрттү өчүрүүгө ӨКМ Сузак райондук бөлүмүнүн №65 ӨКБнөн 1 бөлүм тартылды.
Өрт саат 12:00 курчоого алынып, саат 12:17 толук өчүрүлдү.
Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыналуусунан өрт чыкты.
Жаракат алгандар жок.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн