Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 13:42
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абаддагы "Барселона" футболдук академиясына кабыл алуу башталды

12.09.2023 09:21
607
Жалал-Абаддагы "Барселона" футболдук академиясына кабыл алуу башталды


Жалал-Абаддагы "Барселона" футболдук клубунун биринчи академиясы 6 жаштан 12 жашка чейинки балдарды кабыл алууну жана 13 жаштан 18 жашка чейинки оюнчуларды тандоону жарыялайт.

Кыргыз футболдук союзунан билдиришкендей, балдарды жана оюнчуларды жеринен кабыл алуу 15-сентябрда академиянын аймагында өтөт.

Академиядан маалымдашкандай, жаш футболчуларга испандык машыктыруучулар менен футболдун каталондук ыкмасын үйрөнүүгө мүмкүнчүлүк берилет. Андан тышкары, академиянын окуучулары эл аралык мектепте билим алууга мүмкүнчүлүк алышат, ал жерде балдар европалык окутуу системасына боюнча билим алышат. Академияга кабыл алуунун башка шарттары менен жеринде таанышсаңыз болот.

Катталуу үчүн бул шилтемени басып, кененирээк маалымат алуу үчүн +996503440550, +996550045350, +996707 723 700 номерлерине кайрылыңыз.

Дареги: Жалал-Абад шаары, Каныбек Ташиев көчөсү, 1. Сайт: https://barcaacademy.kg/

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн