Чын курандын 30, 2024
Убакыт: 08:05
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Жалал-Абаддан Баткенге күжүрмөн даярдыктагы милиция кызматкерлери барды

23.09.2022 10:57
299
Жалал-Абаддан Баткенге күжүрмөн даярдыктагы милиция кызматкерлери барды


Ички иштер министринин орун басары милициянын генерал-майору Октябрь Урмамбетов Баткенде кызмат өтөп жаткан Жалал-Абад ОИИБдин жана шаардык, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн кызматкерлери менен жолугушту. Министрдин орун басарын Жалал-Абад ОИИБдин начальниги милициянын полковниги Ашим Тагаев тосуп алып, күжүрмөн топтун жашоо-шарты менен тааныштырды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди.


Октябрь Урмамбетов кызматкерлерге ар дайым ысык тамак-аш берилиши керектигин белгилеп, жашаган жеринин ички жана сырткы тазалыгына өзгөчө көңүл бурууга чакырды. Ашкана ичинде идиш-аяктарды туура пайдалануу, ысырапкерчиликке жол бербөө зарылдыгын айтты. Ооруган кызматкерлерге медициналык жардам көрсөтүү, кайгулдоо багыттарына чыгаарда нускамаларды өткөрүүнү белгиледи. Жергиликтүү тургундар арасында провакациялык маалыматтардын тароосунун алдын алуу, элге туура түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү тапшырды.


Өз кезегинде Жалал-Абад ОИИБдин начальниги Ашим Тагаев кызматкерлердин баары күжүрмөн экендигин, мекен үчүн өздөрүнө белгиленген кызматтык милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткарып жатышкандыгын белгиледи.



Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн